p

18-ноябрь, 1987-жылы Лондон метрополитенин Кингс-Кросс станциясында өрт чыккан

Дүйнө
1987-жылы 18-ноябрда Лондон метрополитенин Кингс-Кросс станциясында кечки саат 19:30дарда өрт чыгып, 30 кишинин өмүрүн алып кеткен. Өрткө жүргүнчүлөрдүн шалаакылыгы жана эскалатордун канааттандырарлык эмес абалы себеп болгон. Өрт Пикадилли линиясындагы эскалатордук тоннелде чыккан. Эскалатор эски стандарттар менен курулган жана баскычтары жыгачтан жасалгандыгы үчүн тез күйүп кеткен. Окуядан кийин Лондон метрополитенинин жана "Лондон аймактык транспорту" уюмунун башкармалыгы жумуштан кетирилген.Каза болгондордун арасында Колин Таунсли аттуу өрт өчүрүү кызматынын жумушчусу болгон.  (39 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: