p

19-ноябрь, 1924-жылы Египетте британиялык губернатор Ли Стэк өлтүрүлгөн

 
Дүйнө
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1919-жылы Париждеги тынчтык конференциясына Египеттин "Вафд" партиясы да катышып, өлкөнүн эгемендүүлүгүн талап кылган. Бул топ камакка алынып Мальтага жеткирилгенде, Египетте аларды колдоо көтөрүлүшү башталган. 1921-жылы Улуу Британия Египетти эгемендүү деп жарыялаганы менен, Суданды көзөмөлдөп турган. 1924-жылы Египеттин премьер-министри Заглул Улуу Британиядан Судандагы өкмөттү египеттик деп билүүнү талап кылган. 1924-жылы 19-ноябрда Судандын британиялык губернатору Ли Стэк өлтүрүлүп, Суданда кайрадан баш аламандык башталган. Улуу Британия Египеттен Ли Стэктин өлүмү үчүн кечирим суроону, төлөм төлөөнү жана Судандан аскерлерин чыгарууну талап кылган. 1924-жылы 30-декабрда Ли Стэктин өлүмүнөн кийин Египеттин премьер-министри Улуу Британиянын талаптарынын акыркысын аткарбашын билдирип, отставкага кеткен.   (102 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: