p

2-май, 1965-жылы Экс-министр Таалайбек Өмүралиев туулган

Кыргызстан
Таалайбек Өмүралиев Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Билими жогорку. 1986-жылы Алма-Ата жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайын аяктаган. 2000-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын, 2009-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын бүтүргөн.
Ал эми 1987-1988-жылдары Ооганстанда Советтик армиянын катарында милдет өтөгөн.
Таалайбек Өмүралиев мотоаткычтар взводунун командиринен баштап Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн даярдык боюнча башкармалыгынын башчысы кызматына чейин көтөрүлгөн.
2009-жылы Түштүк аскердик бирикменин кол башчысы, 2009-жылы ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын  Коргоо министринин орун басары, 2010-жылы августтан баштап Кыргыз Республикасынын  Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болгон. Ал эми 2011-жылдын декабрь айынан 2014-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министри болгон.
  (61 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: