|
|
p
19-февраль, 1940-жылы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов туулган
Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов Ашхабадда төрөлгөн. 1985-жылы Түркмөн ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи секретары кызматына дайындалып, 1992-жылы эгемен Түркмөнстандын биринчи президенти болуп шайланат. 1994-жылы жалпы элдик референдум менен Ниязовдун президенттик ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылат. 1999-жылы Түркмөнстандын Элдик Кеңеши (парламент) Ниязовдун өмүр бою президент болушуна токтом кабыл алат. Бирок Түркмөнбашы 2006-жылдын 21-декабрында жүрөгү токтоп, мезгилсиз дүйнөдөн кайтат. Ал ажо катары өзүнүн тышкы жана ички саясатын “Түркмөнстан – эл аралык деңгээлдеги тарапсыз өлкө” деп жарыялоо менен баштаган.
(86 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |