p

22-февраль, 1857-жылы немис физиги Генрих Рудольф Герц төрөлгөн

Дүйнө
Немис физиги, профессор Генрих Рудольф Герц Германиянын Гамбург шаарында төрөлүп, 1894-жылы 1-январда Германиянын Бонн шаарында 36 жашында көз жумган.
Ал Берлин университетин бүтүрүп, 1885-жылдан 1889-жылга чейин Карлсруэ университетинде физикадан сабак берсе, ал эми 1889-жылдан баштап Бонн университетинде физика профессору болуп иштеген.
Герц электромагниттик толкундардын бар экендигин далилдеген. Ал электромагниттик толкундардын чагылуусун, интерференциясын, дифракциясын жана поляризациясын ачкан. Алардын ылдамдыгы жарыктын таралыш ылдамдыгы менен бирдейлигин жана жарыктын электромагниттик толкундардын эле бир түрү экендигин тапкан. Герц кыймылдагы нерселердин электродинамикасын түзгөндө эфир кыймылдагы нерселерге илешип кетет деп натуура ойлогон. Тажрыйбада анын электродинамикасы далилденген эмес. Кийин Хендрик Лоренцтин электрондук теориясына орун бошоткон. Герцтин ачкандары кийин радионун өнүгүшүнө негиз болгон.
  (169 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: