|
|
p
15-июнь, 1966-жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ахматбек Келдибеков туулган
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1990-жылы Воронеж политехникалык институтунун Автоматташтыруу жана машина курууну роботтоштуруу факультетин, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “финансы жана кредит” адистиги боюнча артыкчылык менен, Кыргыз Республика сынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “юрист” адистиги боюнча бүтүргөн. 1984-1986-жылдары Советтик Армиянын Грузиянын Кутаиси шаарындагы аба-десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Эмгек жолун 1986-жылы Ош облусунун Алай районундагы “Правда” совхозунда жумушчулуктан баштаган. 1990-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын “Импульс” илимий-изилдөө борборунда инженер, андан соң улук инженер болуп иштеген. 1992-1993-жылдары – Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Машина таануу институтунун директорунун орун басары; 1993-2002-жылдары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде башкы адис, бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальниги болуп иштеген; 2001-2002-жылдар аралыгында – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; 2002-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы болуп эмгектенген; 2005-жылдын март айында III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, 2007-жылдын октябрына чейин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы болуп турган. 2007-жылдын октябрынан 2008-жылдын декабрына чейин жеке ишкерлик менен алектенген; 2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматын ээлеген; 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болгон; 2010-2015-жылдары - Жогорку Кеңештин депутаты болгон; 2010-жылдын 17-декабрынан 2011-жылдын 11-декабрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон; 2013-жылы Ахматбек Келдибековго "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 2016-жылы Жогорку Соттун чечимине ылайык, ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 10 миллион сом которууга милдеттендирилген.https://www.super.kg/kabar/news/191519/ Сыйлыктары: 2001-жылы “Даңк” медалы, ошондой эле КМШнын “Шериктештик” ордени менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын I класстагы мамлекеттик кеңешчиси. “Генерал-лейтенант” атайын наамы бар. Экономика илимдеринин кандидаты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти. Эл аралык Инженердик академиянын академиги.
(60 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |