|
|
p
1-май, 1953-жылы V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Замир Бекбоев төрөлгөн
V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Замир Бекбоев Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “прикладдык математика” адистиги боюнча бүтүргөн. 1976-1980-жылдары Ленинград мамлекеттик университетинде тажрыйба байытууда болгон, андан кийин аталган университеттин аспирантурасында операцияларды изилдөө кафедрасында билим алган. Эмгек жолун 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин прикладдык математика кафедрасында окутуучу болуп иштөө менен баштаган. 1980-1981-жылдары - Фрунзе политехникалык институтунун электрондук эсептөө борборунун начальниги болгон. 1984-1991-жылдары - ФПИ ЭЭМ кафедрасында окутуучу, улук окутуучу. 1991-1995-жылдары - Ишкерлердин Чүй областтык фондунун директору. 1995-1996-жылдары “Бабек ЛТД” ЖЧКнын директору. 1996-жылдын мартынан декабрына чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гуманитардык жардамдарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы. 1996-жылдын декабрынан 2005-жылдын ноябрына чейин - “Бабек ЛТД” ЖЧКнын аткаруучу директору. 2005-жылдын ноябрынан 2008-жылдын январына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси. 2008-жылдын январынан 2008-жылдын июлуна чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары. 2008-жылдын августунан 2010-жылдын сентябрына чейин Бишкек шаарынын вице-мэри болгон. 2010-жылдын октябрында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
(73 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
| |