|
|
p
4-май, 1963-жылы Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышындагы депутат Бахадыр Сулейманов туулган
Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышындагы депутат Бахадыр Сулейманов Казакстан Республикасынын Жамбул областындагы Жалпак-Төбө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1985-жылы Новосибирь институтун “Коомдук тамак-аштын технологиясы жана уюштуруу” адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1985-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров нан комбинатынын өндүрүш башчысы болуп иштөө менен баштаган. 1986-1989-жылдары Киров коомдук тамактануу бирикмесинин өндүрүш башчысы болуп эмгектенген. 1989-1991-жылдары Чүй облусунда керектөөчүлөр бирлигинин директорунун орун басары, 1991-2001-жылдары Кантта дүң-чекене жашылча-жемиш даярдоо кеңсесинин директору болуп иштеген. 2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, 2003-жылы болсо аталган комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүндө иштеген. 1996-2000-жылдары Кант райондук эл депутаттар кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2011-2015-жылдары “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган. 2015-жылдын 4-октябырында “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын мөчөсү. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. III- класстагы мамлекеттик кеңешчи класстык ченине ээ. Алган сыйлыктары: - Кыргызстан элдери ассамблеясынын 20 жылдыгынын урматына “Кыргызстан элдеринин тынчтыгын, ынтымагын жана биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн” медалы; - Орусия Федерациясынын мамлекеттик резервдер боюнча Федералдык агенттигинин “Мамлекеттик резервдерге 75 жыл” медалы. - СССРдин эл артисти Хусейн Мухтаров атындагы эл аралык фонддун “Кыргыз Республикасынын алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн алтын медалы; - Афганистан согушунун ардагерлеринин Республикалык кеңешинин “Афганистандагы согуштун ардагерлер Кеңешине 20 жыл” медалы; - “КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жана анын органдарынын ишине активдүү катышкандыгы, эл аралык достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн” КМШ ПААнын Ардак грамотасы; - “Парламенттик кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” КМШ ПАА достугу” ордени менен сыйланган. (63 жыл мурун)Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
| |