|
|
p
17-август, 2009-жылы Енисей дарыясында жайгашкан Саян-Шушен ГЭСинде авария болуп, 75 киши набыт болгон
Эртең менен саат 8:13тө (жергиликтүү убакыт менен) Енисей дарыясында жайгашкан Саян-Шушен ГЭСинде авария болгон. №2-гидроагрегат иштебей калып суунун кысымы менен өз ордунан козголгон. Бул агрегаттан бөлөк дагы тогуз агрегат иште болгону менен автоматтык коргонуу системи көбүндө иштеген эмес. Суу станциянын техникалык бөлмөлөрүн каптап кетип, станциянын электр кубаты өчүп калган. Жыйынтыгында кызматкерлер кирип жаткан сууну өзүлөрүнүн күчү менен токтотууга мажбур болушкан. Авариянын кесепетинен 75 киши набыт болгон.
(17 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |