|
|
p
19-август, 1969-жылы V чакырылыштагы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова төрөлгөн
V чакырылыштагы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Бишкек шаарында төрөлгөн. Билими – жогорку. 1986-жылы Москва шаарындагы Мичурин атындагы Мамлекеттик педагогикалык иститутуна тапшырган. 1991-жылы Бишкек мамлекеттик институтунун орус тили жана адабият адистигин бүтүргөн. 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция адистигин, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу: 1991-жылы - Жалал-Абаддагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) жетектөөчү адиси; 1995-2010-жылдары – "Палван" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору; 1998-2010-жылдары – "Алмаз" акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы; 2000-2001-жылдары – Кыргызстан аялдар конгрессинин түштүк регион боюнча президенти; 2003-2005-жылдары – "Кыргыз соода биримдиги" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору; 2005-жылы – "Экогармония женщин" коомдук бирикмесинин түзүүчүсү; 2004-жылы – Азия боюнча (Азиялык) "Алыш" бел боо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти, 2005-жылы – Эл аралык "Алыш" бел боо күрөш федерациясынын президенти, 2007-жылдан баштап бул федерациянын ардактуу президенти; 2010-жылы октябрь айында - "Республика" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты; 2011-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жаштар саясаты, дене тарбияны өнүктүрүү жана спорт боюнча комитетинин төрайымы; 2012-2013-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары; 2012-жылдын июль айында - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин "Республика" фракциясынын жетекчисинин орун басары; 2013-жылдын июнь айынан баштап Жогорку Кеңештин вице-спикери. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |