p

22-сентябрь, 1947-жылы Мамлекеттик ишмер Накен Касиев туулган

Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Улуттук онкология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, "Даңк" медалынын ээси, мамлекеттик ишмер Накен Касиев Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бутүргөн. Ош шаардык №3-ооруканада врач-терапевт, Прикарпаттагы №03510-аскер бөлугүндө врач, Оштогу №4-ооруканада врач-терапевт, Майлы-Сайдагы бириккен оорукананын башкы врачы, Токмок шаардык оорукананын башкы врачы, Нарындагы облустук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы, Саламаттык сактоо министринин орун басары, министри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп иштеп, кийин Ош облусунун губернатору болгон. Накен Касиев Европадагы "ВОЗ" бюросунун регионалдык комитетинин президенти. КРсынын "Даңк" жана 1-даражадагы аскердик кызматтагы өзгөчөлүгү үчүн медалдары жана бүткүл дүйнөлүк ВОЗдун чоң алтын медалы менен сыйланган. КРнын Жогорку Кенешинде депутат да болгон.   (79 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: