|
|
p
19-ноябрь, 1805-жылы франциялык дипломат Фердинанд де Лессепс төрөлгөн
Франциялык дипломат, инженер, Жер Ортолук жана Кызыл деңиздерин бириктирип турган Суэц каналынын автору Фердинанд де Лессепс Версалда төрөлгөн. Кесиби боюнча юрист болгон.
1825-1849-жылдары Европада жана Африкада, ошондой эле Египетте 1831-1837-жылдары ар кандай дипломатиялык орундарды ээлеген. Өздүк байланыштарын колдонуп, Египеттин өкмөт башчысынан 1854-жылы Суэц каналын курууга концессия алган. 1859-1869-жылдары бул каналдын куруусун көзөмөлдөгөн. Суэц каналынын курулуш иштери ийгиликтүү аяктаганы жана анын ачылышы Лессепске атак алып келген. 1889-жылы Лессепс "Панама" акционердик коомуна башчылык кылып, Панама каналын кура турган болгон, бирок бул акционердик коомдун иши оңунан чыкпай калып, көптөгөн акционерлерди жакырданткан. 1893-жылы официалдык тергөөдөн кийин Лессепс менен уулу 5 жылга эркинен ажыратылган. Бир аздан соң сот бул чечимди жокко чыгарган.
(221 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |