|
|
p
22-ноябрь, 1971-жылы Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов туулган
V чакырылыштагы “Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Суракматов Бишкек шаарында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Билими жогорку. 1994-жылы Кыргыз архитектуралык курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистиги боюнча билим алган. - 1994-1995-жылдары “Шоола” акционердик коомунун өндүрүшүндө мастер, - 1995-1996-жылдары “Кыргызпотребсоюз” Бишкек ПМКсында өндүрүш мастери; - 1996-1999-жылдары Бишкек башкы архитектурасында инженер, 1-категориядагы архитектор, юрист-консультант; - 1999-2000-жылдары “Консалтингдик-эксперттик фирма” ЖЧКсынын директору; - 2000-2002-жылдары Бишкек шаарынын мэриясында башкы адис, бөлүм башчы; - 2002-2008-жылдары Бишкек башкы архитектурасында башкы архитектордун орун басары; - 2008-жылдын ичинде Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы; - 2008-2010-жылдары Бишкек шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы; - 2010-жылдын октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган. 2018-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган.
(55 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |