|
|
p
22-ноябрь, 1983-жылы V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев туулган
V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев туулган. 2001-жылы Көзү азиздер жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернатын бүтүргөн. 2006-жылы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Депутат шахмат боюнча спорт чеберлигине талапкер. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Ишмердүүлүгү: 2006-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук башкармалыгында укук маселелери боюнча башкы адис болуп иштеген. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жумушка кирип, аталган министрликте Ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана фискалдык саясат башкармалыгында иштеген. 2010-жылы октябрда "Ар-намыс" саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 23-декабрында Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланган. 2012-жылдын февраль айынан тартып Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары. 2014-жылы 10-ноябрда Дастан Бекешев "Ар-намыс" партиясынын катарынан чыгып, "Ак ниет" деген партия түзүп, бирок "Ар-намыс" фракциясында ишин улантарын айткан. 2015-жылдын октябрь айынан тарта КСДП фракциясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
(43 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |