|
|
p
21-ноябрь, 2009-жылы Орусиялык космонавт Константин Феоктистов каза болгон
Орусиялык космонавт, Советтер Союзунун Баатыры,
техника илимдеринин доктору, профессор Константин Феоктистов 83 жашында Москвада каза
болгон.
Константин Феоктистов Улуу Ата-Мекендик согушта катышкан. Макс Вальенин "Полёт в мировое пространство" китебин окуган соң авиациалык институтка тапшырууну чечкен. 1949-жылы Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Ар кандай илимий-изилдөө борборлордо иштеген. Биринчи болуп космоко адам учкан "Восток" космостук кемесинин жаратуучуларынын бири. 1964-жылдан баштап космонавттар тобунда болгон. 1964-жылы 12-13-октябрда "Восход" жаңы аппаратында скафандрсыз учкан биринчи топтук экипаждын курамына кирген.
(17 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |