|
|
p
27-ноябрь, 1967-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев туулган
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Москвадагы А.С.Скрябин атындагы Ветеринардык академиянын зооинженердик факультетин бүтүргөн. Кенжебек Бокоев 1985-1987-жылдары Советтик Армиянын катарында Ооганстанда кызмат өтөгөн. Ал эми 1992-1995-жылдары жеке ишкер катары эмгек жолун баштаган. 1995-1997-жылдары – Кара-Буура районундагы "Токчулук" дыйкан чарбасынын башчысы; 1997-1998-жылдары – Кара-Буура районундагы "Кол кабыш" жоопкерчилиги чектелген коомдун директору; 1998-2005-жылдары – Талас областындагы "Кутман-Ордо" фермердик ассоциациясынын төрагасы; 2005-2010-жылдары – Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы. 2010-жылы октябрда "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал эми 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |