|
|
p
1-август, 1949-жылы Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев туулган
Кыргызстандын экинчи президенти, 2010-жылы 7-апрелде бийлик менен оппозициянын кандуу кагылышынан кийин өлкөбүздөн куулган Курманбек Бакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Масадан (Тейит) айылында туулган. Ал 1966-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Куйбышевдеги Политехникалык институтунун автоматика жана өлчөө техникасы бөлүмүнө кирген.
1970-жылы Куйбышевдеги Масленников атындагы заводдо жумушчу болуп иштеп эмгек жолун баштаган. 1974-1976-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп, 1976-1979-жылдары ошол эле заводдо инженер-электромеханик болуп иштеген. К.Бакиев 1979-жылдан баштап Жалал-Абад шаарындагы “ШР” заводунда инженер жана башкы инженердин орун басары, 1985-жылдан баштап Көк-Жаңгак шаарындагы “Профиль” заводунун директору, 1990-жылы Кыргызстан КП Көк-Жаңгак шаардык комитетинин биринчи катчысы, Эл депутаттарынын шаардык кеңешинин төрагасы, 1991-жылы Жалал-Абад областтык кеңешинин төрагасынын орун басары, 1992-жылы Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын акими болуп эмгектенген. Ал 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орун басары, Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп, 1990-1991-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1995-1997-жылдары Жалал-Абад жана Чүй областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болуп кызмат өтөгөн. 2000-2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, 2002-2005-жылдары №15-Ала-Бука шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына шайланган. 2005-жылы 24-мартта элдик ыңкылап ишке ашып, ошол элдик ыңкылапты жетектеген лидер К.Бакиевди Кыргызстандын эли президенттикке көрсөтүшкөн. Ал эми 2005-жылдын 14-августунда жалпы элдик шайлоодо 88,72%дан ашык добуш менен К.Бакиев президенттикке шайланып, мамлекет башчысынын ыйгарымдарын аткарууга расмий түрдө киришкен. 2009-жылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев шайлоочулардын 85,48% добушу менен экинчи жолу президент болуп шайланган. 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишин талап кылып карапайым эл көтөрүлгөн. 15-апрелде Убактылуу өкмөт менен Бакиевдин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, ошол эле күнү Бакиев Кыргызстандан чыгып кеткен.
(77 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |