|
|
p
17-август, 1953-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев туулган
Мыктыбек Абдылдаев Чүй областынын Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Улуту - кыргыз. 1960-жылдан 1970-жылга чейин Кара-Жыгач айылындагы орто мектепте окуган. 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин бүтүргөн, 1989-жылы Москва шаарындагы СССРдин ИИМнин Башкаруу академиясын аяктаган. Абдылдаев Мыктыбек Юсупович өз эмгек жолун 1970-жылы Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо токарь болуп иштөөдөн баштаган. 1971-1976-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин студенти. 1976-1981-жылдары Фрунзедеги Советтик соода техникумунун комсомол комитетинин катчысы, Кыргыз ССРинин ЛКЖСнын Борбордук Комитетинин методисти, инструктору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. 1982-1983-жылдары Кыргыз ССРинин Ысык-Көл областык комсомол комитетинин катчысы кызматында иштеген. 1983-жылдын декабрь айынан 1986-жылдын август айына чейин Ысык-Көл областтык аткаруу комитетинин Ички иштер башкармалыгынын саясий бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. 1986-жылдын август айынан 1989-жылга чейин Москва шаарындагы СССРдин ИИМнин Башкаруу академиясынын күндүзгү бөлүмүндө окуган. 1989-жылы Ысык-Көл областынын ИИБсынын начальнигинин орун басары болуп дайындалган, ал эми 1990-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине депутат болуп шайланган, парламентте Жогорку Советтин туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1991-жылдын ноябрь айынан 1994-жылдын ноябрь айына чейин Ысык-Көл областынын ИИБсынын начальниги кызматында иштеген. 1994-жылдын ноябрь айынан 2001-жылдын январь айына чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, биринчи орун басары кызматтарында иштеген. 2001-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган жана ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп иштеген. 2002-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган. 2002-жылдын октябрь айынын 2005-жылдын март айына чейин Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болгон. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2006-жылдын май айынан 2007-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси болуп иштеген. 2010-жылдын октябрь айында “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын декабрь айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, 2012-жылдын январь айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2015-жылдын 4-октябрында "Бир Бол" саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Мыктыбек Абдылдаев юридикалык илимдердин кандидаты, мамлекеттик кызматтын 1 класстагы мамлекеттик кеңешчиси, милициянын генерал-лейтенанты, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи. Ошондой эле 1 даражадагы “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы, КМШнын парламенттер аралык Ассамблеясынын “Содружество” ордени менен сыйланган.
(73 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |