|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
19-декабрь, 2002-жылы Аксы районунун Кара-Жыгач айылында Аксы окуясынан окко учкандарды эскерүү митинги өткөрүлгөн
Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 2002-жылдын 17-18-мартындагы Аксы окуясынан окко учкандарды эскерүү митинги өткөрүлгөн. Митингдин соңунда ошол кездеги президент Аскар Акаевге, Жогорку Кеңештин кош палата төрагаларына кайрылуу кабыл алынган. Кайрылууда Аксы окуясына тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн соттоп, жогорку кызматчыларды жоопко тартуу талабы коюлган. Эскерте кетсек, 2002-жылы 17-мартта Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камалашына нааразы болгон шайлоочулар Аксы районунун борбору Кербенге жөнөшкөн. Аларды Боспиек айылына жакын жерде бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери токтотушкан. Ал жерде тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин огунан 5 киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, ондогон адамдар жарадар болгон, уруп-сабалган. (23 жыл мурун)Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |