|
|
p
1-июнь, 1958-жылы Монголиянын мурунку президенти Намбарын Энхбаяр туулган
Монголиянын мурунку президенти Намбарын Энхбаяр Улан-Батордо туулган. 1980-жылы Москванын Адабият институтун аяктаган. Н.Энхбаяр 1992-жылы маданият министри болуп дайындалган. Ал эми 1997-жылы ошол кездеги бийликке каршы турган оппозициялык кыймылдын лидери болуп, 2000-жылы жалпы шайлоодо жеңишке жетишкен. 2004-жылы өлкөнүн парламентинин төрагасы болуп дайындалган. Бир жылдан кийин Монгол Элдик революциялык партиясынан талапкер катары шайлоого катышып, 53% добуш менен президент болуп шайланган. Ал эми 2009-жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңилүүгө дуушар болгон.
(68 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |