p

19-февраль, 1473-жылы польшалык астроном, математик, экономист Николай Коперник туулган

Дүйнө
Польшалык белгилүү астроном, математик, экономист Николай Коперник Польшанын Торунь шаарында туулган. Николай Коперник Птолемейдин Ааламдын түзүлүшү жөнүндөгү системине ишенбөөчүлүктү пайда кылган. Анын гелиоборбордук системинде (байыркы гректерде Гелиос – Күн кудайы болгон) Ааламдын борборунда Жер эмес, Күн жайгашкан.
Коперник астрономиянын илим катары кубаттуу өнүгүшүнө түрткү болгон жаңы көз карашты түзүүгө жасаган улуу кадамына чейин астрономияга кызыккан окумуштуулар асман кубулуштарына кайрадан жаңы түшүнүк берүү үстүндө аракет кылышкан. Чиркөө Птолемей теориясын колдогондуктан Коперниктин идеяларына тыюу салган. Коперникти аябай коркуткандыктан, ал теорияларын жайылтуудан тартынган. Акыры Коперник өзүнүн улуу ачылыштарын белгилүү "Асман сферасынын айлануусу жөнүндө" китебинде баяндаган. Бул китептин жарык көрүшү көптөгөн талаш-тартыштарды пайда кылат, Ааламдын чыныгы табияты жөнүндөгү ой жүгүртүүлөргө алып келет. Коперниктин китеби 1543-жылы чыккан. Бул китеп анын бүт эмгегинин жыйынтыгы болгон.
  (553 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: