p

22-февраль, 1981-жылы Күрп-Сай ГЭСи иштей баштаган

Кыргызстан
Токтогул ГЭСи толук кандуу иштеп баштагандан кийин эле Күрп-Сай ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу 1976-жылы башталган. Биринчи агрегат ишке 1981-жылы киришкен. Бул долбоор Токтогул ГЭСинин долбоорун иштеп чыккан "Гидродолбоор" институту тарабынан даярдалган. Куруучулар бул ГЭС түшө турган аймактагы Нарын дарыясынын агымы өтө жакшы болгондуктан да Күрп-Сайдын да энергия иштеп чыгуусуна толук шарттар бар экендигин ошондо эле байкашкан. ГЭС Токтогул ГЭСинен бир аз ылдый жайгашкан.  Долбоордук күчү 800 МВт. деп эсептелген. Суу сактагычынын сыйымдуулугу 370 миллион куб метр. Суунун үстүнүн аянты 12 квадрат чакырым. ГЭСтин таш бетондон салынган тосмосунун бийиктиги 113 метр. Сейсмикалык туруктуулугу 9 балл.  (45 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: