|
|
p
18-октябрь, 1931-жылы Америкалык ойлоп табуучу Томас Алва Эдисон каза болгон
Үн жазуучу – фонограф, телефон жана электр лампаны ойлоп тапкан америкалык Томас Алва Эдисон 84 жашында АКШнын Нью-Жерси штатында каза болгон.
Томас Эдисон 1847-жылы 11-февралда АКШнын Огайо штатында туулган. Ал АКШда 1093 ачылышы үчүн патент алган. Улуу Британия, Франция жана Германия сыяктуу башка өлкөлөрдө да ар кыл ачылыштары үчүн 3 миңдей патент каттаткан. Анын ойлоп тапкыч аракеттеринин натыйжасында телеграф, телефон жана кино жабдуулары жакшыртылган. Электр шамдарынын эң алгачкы ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бирин сунуштаган. Нью-Йоркто электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкананы негиздеген. Электр кубатына негизделген туңгуч темир жол унаасын – электр арабасын ойлоп тапкан, электроника тармагын негиздеген, үн жазгыч аспап – фонографты ойлоп тапкан. Эдисондун сунушу менен телефон сүйлөшүү алдында “алло” деп айтуу салты киргизилген. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |