p

28-апрель, 1970-жылы V чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов туулган

Кыргызстан
V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын лидери Назарали Арипов Баткен областынын Лейлек районундагы Кара-Булак айылында туулган.
Назарали Арипов 1990-1992-жылдары Орусиянын Тольятти шаарындагы Техникалык колледжде окуган. Ал эми 2001-жылы Ош технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүнүн жол кыймылы боюнча инженер адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1990-жылдары Тольятти шаарындагы автомобиль чыгаруучу заводдон жүк ташуучу болуп баштап, 1992-жылга чейин иштеген.
Ал эми 1994-1997-жылдары Ош шаарындагы «Эрдик» менчик ишканасынын директору, 1997-2000-жылдары жеке ишкер, 2001-2003-жылдары "Прагма-ИНК" ЖЧКнын директору, 2003-2009-жылдары "Гефест" ЖЧКнын жетекчиси болгон.
Назарали Арипов 2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп, 2009-2010-жылдары Кыргыз өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош шаардык башкармалыгынын директору болгон. Ал эми 2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Назарали Арипов Жогорку Кеӊештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
  (56 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: