p

31-май, 2000-жылы Паркур Ассоциациясы негизделген

Дүйнө
Паркур экстремалдуу жана көчө спорт түрүнө кирет. “Паркур” француздардын аскердик термининде кеңири колдонулган “parkour” – “parcours du combatant” (бизче “тоскоолдук тилкеси”) деген сөзүнөн алынган.
Паркурдун тарыхынын башталышы Жорж Герберт (1875-1957) деген ысым менен байланыштуу. Ал аскер деңиз флотунда кызмат өтөп, көп өлкөнү кыдырган адам болгон. Африкага жасаган сапары учурунда аборигендердин өзгөчө бир ыкмаларды колдонуп, шамдагайлык менен бактан бакка секирип жүргөндөрүн байкап, таң калат. Анан ошол көргөн ыкмаларын француз аскерлерине үйрөтүп баштаган. Бул изденип тапкан машыгуу ыкмасын “Табигый ыкма” (“Methode naturelle”) деп атап, курамына узундукка жана бийиктиктен секирүү, өзүн коргоо, аскага чыгуу, сууда сүзүү сыяктуу спорт түрлөрүнүн элементтерин камтыган. Кийинчерээк бул ыкма Франция армиясын машыктырууда колдонулган. Так ушул ыкма азыркы паркурдун башаты болгон. Паркурдун негиздөөчүсү болуп “Кооптуу 13-аймак” тасмасындагы Лейтонун образы аркылуу таанылган Давид Белль эсептелет. Давид паркурду француз армиясында кызмат өтөгөн атасы Раймонд Беллден үйрөнгөн.
  (26 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: