p

1-июнь, 1973-жылы немис актрисасы, модель, алып баруучу Хайди Клум туулган

Дүйнө
Немис актрисасы, модель, алып баруучу Хайди Клум Германиянын Бергиш-Гладбах шаарында туулган. Хайди Клум 19 жашында Мюнхенде өткөн сулуулар сынагында 25 миң катышуучу кыздын ичинен жеңүүчү аталган. Мектепти аяктаган соң Дюссельдорфтогу дизайнерлик окуусун таштап, Нью-Йоркко жол тарткан. Хайди Клум айымдардын ички кийимин чыгаруучу "Victoria's secret" компаниясынын ишенимдүү моделдеринин бири болгонго жетишкен. Хайди мода дүйнөсүнөн жетишерлик атак алган соң популярдуулугун өз пайдасына колдоно алган. Бут кийимдерди, чач жасалгалоо үчүн каражаттарды, айрым моделдер жегенден корккон таттууларды, фаст-фудду жарнамалап келген. Атактуу немис улутундагы модель 2008-жылы "Форбс" журналынын изилдөөсүндө дүйнөнүн 15 эң бай моделдеринин тизмесине кирген.  (53 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: