p

2-июнь, 1945-жылы Акын, жазуучу Анатай Өмүрканов туулган

Кыргызстан
Акын, жазуучу Анатай Өмүрканов Талас областындагы Манас районуна караштуу Чеш-Төбө айылында туулган.
Ал 1961-жылы Арал орто мектебин,1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Тажик ССРинин Мургаб районундагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1971-жылдан "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакциясында кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылдан "Кыргызстан" басмасынын көркөм адабияттар бөлүмүнүн башчысы, 1988-2000-жылдары "Адабият" басмасында башкы редактор, 2000-2006-жылдары Кыргызстан басмасында бөлүм башчы, башкы редактор, 2006-2007-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.
2012-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аны Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу Кеңешине мүчө кылып шайлаган.
Акын Анатай Өмүркановдун туңгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы "Мөлтүр сезим" деген ат менен Бишкекте жарык көргөн. Акындын ырлары ошондой эле орус тилинде басылып чыккан. Жыйырмага жакын поэтикалык жыйнактын автору, көптөгөн поэтикалык котормолордун авторлошу. 2016-жыл Тарых жана маданият жылынын урматына II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
  (81 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: