p

15-июнь, 1959-жылы Мамлекеттик ишмер Данияр Нарымбаев туулган

Кыргызстан
Мамлекеттик ишмер Данияр Нарымбаев Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Иш тажрыйбасын Ички иштер министрлигинин инспектору катары баштап, укук коргоо органдарынын түрдүү тепкичтерин басып өткөн.
1995-2002-жылдары – Жогорку арбитраждык соттун төрагасы;
2002-жылы – Адилет министри;
2005-2006-жылдары – Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү;
2010-2012-жылдары – Өкмөттүн, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү;
2012-2015-жылдары – Президенттик аппараттын жетекчиси;
2015-жылы 22-июлда Д.Нарымбаевге "опузалап пара талап кылуу" жана "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренелери боюнча айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. 2015-жылдын 27-ноябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нарымбаев "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. 2016-жылдын 29-декабрында Биринчи Май райондук соту Нарымбаевди шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча ишти караган. Анда УКМКнын тергөө абагынын башчысынын орун басары Нарымбаевди бошотуу өтүнүчүн келтирген. Соттук коллегия ал өтүнүчтү канааттандырып, Данияр Нарымбаев сот залынан бошотулган.https://www.super.kg/kabar/news/191391/
  (67 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: