p

16-июнь, 2011-жылы Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков каза болгон

Кыргызстан
Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков Бишкек шаарында кайтыш болгон. 
Кыргыздын чыгаан жазуучусу, тарыхый романистика чебери, коомдук ишмер Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчысы болуп эмгектенген.
Т.Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүргөн.
Андан соң "Кыргызокуупедмамбастын" балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960-1973-жылдары "Ала-Too" журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редакторлук кызматтарды аркалаган.
1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974-1981-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий консультант, 1987-жылдан ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.
Т.Касымбековдун "Кичинекей жылкычы" деген чыгармасы 1952-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына жарыяланып, анын адабий чыгармачылыгынын тушоосу кесилген.
Жазуучунун "Адам болгум келет" повести 1965-жылы "Советский писатель" басмасынан орус тилинде жарык көргөн.
Учурунда кыргыз адабиятындагы тарыхый романистиканы жаңы сереге көтөргөн "Сынган кылыч" тарыхый романы (1966) мурдагы Советтер Биримдигинин дээрлик бардык элдеринин тилдерине которулган. 1980-жылы "Прогресс" басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. Ал эми 1986-жылы "Кел-Кел" романы жарык көргөн.
Т.Касымбеков 1959-жылдан СССР Жазуучулар Биримдигине мүчө болгон. 1986-жылы "Кыргыз Эл жазуучусу" деген наам алган. 1990-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Жогорку Кеңештин тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык комиссиянын жетекчиси болуп да иш алып барган.
1990-жылдары Төлөгөн Касымбеков Кыргызстан Эркин Жазуучулар союзунун башчысы болуп, 2001-жылы 1-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. Ал эми 2006-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы "Кыргыз Эл Баатыры" наамына арзыган.
Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн Төлөгөн Касымбеков 1970-жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланган.
  (15 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: