|
|
p
31-июль, 1945-жылы Орусиялык актёр жана телеалпаруучу Леонид Якубович төрөлгөн
КМШ өлкөлөрүн бириктирген “Поле чудес” телеоюнунун алпаруучусу, шоумен Леонид Якубович Москвада төрөлгөн. Атасы инженер, энеси врач-гинеколог болгон. Леонид Якубович телевидениеге эч жакындабаган инженер-куруучунун окуусун бүтүргөн. Студенттик кезинде институттун КВН командасында алдыңкы оюнчулардын бири болуп саналган. 80-жылдардан тартып сулуулук конкурстарын, ири кечелерди, чоң аукциондорду, музыкалык фестивалдарды алпарган. Телевидениеге келип “Поле чудес” телеоюнунун алпаруучусу жана “ВиД” телекомпаниясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалган. 1996-жылы "Эң мыкты алпаруучу", 1997-жылы РФнын Эл артисти деген наамдарга ээ болгон.
(81 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |