|
|
p
29-июль, 1925-жылы Коммунисттик партиянын Орто Азия бюросунун Борбордук комитети кыргыз саясатчыларына байланыштуу чечим чыгарган
Коммунисттик партиянын Орто Азия бюросунун Борбордук комитети кыргыз саясатчыларына байланыштуу чечим чыгарган. Партиялык чечимде Абдыкерим Сыдыковдун буга чейин үч ирет партия катарынан чыгарылгандыгы айтылат. Орто Азия бюросунун Борбордук комитети А.Сыдыковду партия катарын бузган аракети аныкталды деп, анын мындан ары партия катарына кабыл алыныш шарты соңуна чыккандыгын белгилеген. Орто Азия бюросу "Ишенаалы Арабаевди жекчил саясат жүргүзгөндүктөн, партия катарына кабыл алуу мүмкүн эмес, бирок советтик кызматта пайдаланса болот" деген чечим чыгарган. Мындан тышкары Орто Азия бюросунун Борбордук комитети бир канча кыргыздын жооптуу кызматчыларына сөгүш жарыялаган.
(101 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |