p

29-июль, 1977-жылы Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков төрөлгөн

Кыргызстан

Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков 1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. "Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар. 2016-жылы июнь айында Кыргыз мамлекетинин улуттук кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымы үчүн 2-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Эмгек жолу:

1999-2003-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучу;

2003-2007-жылдары 3-катчы, 2-катчы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин бөлүм башчысы;

2007-жылдын апрель-август айлары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматынын жетекчиси;

2010-жылдын апрель-август айлары Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

2017-жылдын март-август айлары - президенттин аппарат жетекчиси;

2017-2018-жылдары - премьер-министр;

2018-жылдын 19-апрелинде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Президент бул чечимге кол коюп, өкмөттү отставкага кетирген.

  (49 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: