|
|
p
1-август, 1874-жылы кыргыздар кокондуктарга кол салышкан
Кокон хандыгынын түндүк-батыш аймагында орун алган Чаткал жергесинде хандыкка каршы башталган кыргыздардын көтөрүлүшү 1874-жылдын август айынын башында кульминациялык чегине жеткен. Момун Шамурзаков баштаган 10 миң кыргыз Ала-Бука капчыгайы аркылуу Касан шаарына бет алган. Чартак жана Жаңы-Коргон чептеринде жайгашкан хандык бектер Сафид-Булак кыштагына бекинишкен. Кыргыздар 1874-жылдын 1-августунда кокондуктарга кол салышып, аларды кайра чепти карай сүрүшкөн. Кагылышта эки тарап тең оор жоготууга учурап, Касан шаар башчысы Намангандын кашындагы Төрө-Коргонго качкан. Бош калган шаарды кыргыздар каршылыксыз ээлешкен.
(152 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |