|
|
p
1-август, 1876-жылы Флигель-адъютант, полковник Витгенштейн Чоң-Суу капчыгайы аркылуу качкан Абдылдабекти кууп, Курчак капчыгайы аркылуу Чоң-Сууга чыккан
Флигель-адъютант, полковник Витгенштейн Чоң-Суу капчыгайы аркылуу качкан Абдылдабекти кууп, Курчак капчыгайы аркылуу Чоң-Сууга чыккан. Жоодон качкан Абдылдабек жигиттери менен Кашкарга кетчү Туюк-Суу капчыгайына кирип изин таптырбай кеткен. Генерал-майор М.Д.Скобелевдин маалыматына караганда, мунгуш уруу бийи Болот Курманжан датканын уулуна жазган каты боюнча Абдылдабекти издеп чыккан. Бирок анын кайда кеткендиги туурасында кабар ала албаган полковник Витгенштейн кайра кайтууга мажбур болгон.
(150 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |