p

2-август, 1825-жылы Жыргалаңдагы бугу уруусунун арык тукумунан чыккан Олжобай Түлөбердиевдин айылында кыргыз аксакалдары менен бийлеринин курултайы өткөн

 
Кыргызстан
Жыргалаңдагы бугу уруусунун арык тукумунан чыккан Олжобай Түлөбердиевдин айылында кыргыз аксакалдары менен бийлеринин курултайы өткөн. Курултайда Кыргызстанга келген Т.В.Нюхалов менен Ф.К.Зибберштейндин экспедициясынын максатын түшүндүргөн кат тапшырылган.
Ф.К.Зибберштейндин жазганына караганда, ушул эле маалда бугу кыргыздарына Кокон хандыгынан элчилик келген. Алар кыргыздарды бөлүп-жаруу жолу менен хандыктын курамына киргизүү максатында сарыбагыш кыргыздарын түгөл кыруу үчүн биргелешип аракет көрүүнү сунуш кылышкан. Бирок бугулар кокондуктардын кайраштырма саясатын кабыл албай, абийирсиз сунушту четке кагышкан.
  (201 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: