p

15-август, 1990-жылы Орус эстрада ырчысы Нюша төрөлгөн

Дүйнө
Орус эстрада ырчысы, композитор Нюша Москвада төрөлгөн. Нюшанын өз аты Анна Владимировна Шурочкина. Нюша алгач беш жашында студияда "Чоң аюунун ыры" аттуу ырды жаздырган. Музыкалдык билим алган эмес. 11 жашында  "Гризли" тобунда ырдап баштаган. 14 жашында "Жылдыздар фабрикасы" сынагына жашы жетпей өтпөй калган. 2007-жылы "СТС супержылдызды жандырат" телевизиондук шоудо Бьянканын "Были танцы", Максим Фадеевдин "Танцы на стёклах", "Ранетки" тобунун "Тебя любила я", Фергинин "London bridge" ырларын аткарып жеңген. 
2008-жылы "Жаңы толкун" эл аралык сынагында 7-орунга ээ болгон. 2009-жылы өзүнүн биринчи "Вою на луну" ырын жаздырган. 2009-жылы 18-апрелде "Бог Эфира 2009" сыйлыгынын лауреаты болгон. "Вою на луну" ыры үчүн "Песни года — 2009" сынагынын лауреаты. 
2010-жылы өзүнүн дебюттук "Не перебивай" альбомун чыгарган. 
  (36 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: