p

21-август, 1973-жылы Google.com сайтынын негиздөөчүлүрүнүн бири Сергей Брин туулган

Дүйнө
Google.com сайтынын негиздөөчүлүрүнүн бири Сергей Брин Москва шаарында төрөлгөн. Улуту – еврей. Сергей 6 жашка толгондо окумуштуу ата-энеси АКШга көчүп келишип, ошондон тарта Американын жараны болуп калган.
1996-жылы АКШдагы Стэнфорд университети­нин студенттери Сергей Брин менен Лэрри Пейж окууну жеңилдетүү максатында маалымат издөө системин ойлоп табышып, аны "BackRub" деп аташат. Алар өздөрү жашаган жатакананын бөлмөсүн кеңсеге айландырып, ойлоп табуусун өнүктүрүү үчүн катуу ишке киришишет. Буга тажрыйбасы бар белгилүү "Yahoo!" издөө системинин негиздөөчүсү Дэвид Фило жардам берген. Ошентип, 1998-жылы түптөлгөн издөө системин "Google" деп аташкан.
"Google" деген сөз англис тилинен которгондо "10дун артынан ээрчиген 100 нөлү бар сан" дегенди билдирет. Минтип атоо маалыматты ошондой кенен масштабда табууга мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Учурда "Google" – дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу маалымат издөө системи. Айына 40 миллиарддан ашуун адам өздөрү издеген суроолорго жооп ала алышат.
Учурда (2014) "Google Inc" корпорациясында 50 миңге жакын кызматкер иштейт. Негиздөөчүлөр Сергей Брин жана Лэрри Пейж дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына киришкен.
  (53 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: