p

21-август, 2012-жылы Нарын облустук телекөрсөтүүнүн алгачкы эфири обого чыккан

 
Кыргызстан
Нарын облустук телекөрсөтүүнүн алгачкы эфири обого чыккан. Ал эми Нарын облустук телекөрсөтүүсү алгачкы жолу 1993-жылы КТРдин эфири аркылуу чыккан. Кыргызстандын бардык дубандары сыяктуу эле күндүзгү саат ондон он бирге чейин убакыт берилчү. Бирок бул мезгил аралыгында көпчүлүк иште болуп калганына байланыштуу облустук телекөрсөтүүлөрдүн аудиториясы да чакан болгон. Жаңы бийлик келери менен ар бир облустук телерадио компанияларына 10 миллион сомдун тегерегинде бирдей каражат каралып, техникалык жабдуулар сатылып алынган. Алардын катарында Нарын облустук телеканалы да өз жыштыгында ишин баштаган. 
Алгачкы бет ачар эфирине өк­мөттүн өкүлү Канатбек Муратбеков катышып, мындан ары да телеканалдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча жардам берилерин билдирген. Эфир кечки саат жетиден он экиге чейин, жарым түнгө дейре уланып турган. Телеканалдын беш сааттан турган биринчи обосу жамааттын өз продукцияларынан туруп, жаңылыктар топтому да көрсөтүлгөн.
  (14 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: