p

5-сентябрь, 1997-жылы Тереза эне атка конгон Агнес Гонджа Бояджиу каза болгон

Дүйнө
Тереза эне атка конгон Агнес Гонджа Бояджиу 87 жаш курагында Индиянын Калькутта шаарында каза болгон.
Теги албаниялык болгон диний ишмер, “Нобель” сыйлыгынын лауреаты Агнес Гонджа Бояджиу 1910-жылы 26-августта македондук Скопье шаарында албаниялык жемиш сатуучунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал 18 жашынан баштап кечилдик жашоону тандап алат. 1948-жылдын 16-августунда Рим чиркөөсүнөн уруксат алып, эркин кечилдикке өтөт. Аалам кезип кайрымдуулук кылууну максат кылат. Индия, Сомали өлкөлөрүн, Калькутта шаарындагы жарды аймактарды, тактап айтканда, эң булганыч, оору-сыркоо көп болгон жерлерди атайын тандап, адамдарга жардам берет. Дүйнөдө СПИД менен ооругандарга клиника ачкан биринчи адам да Тереза болгон. Анын иштери көпчүлүктүн көз жаздымында калбай, дүйнөнүн бардык бурчунан анын атына кайрымдуулук үчүн каражаттар агылып келе баштайт. Агнес Гонджа Бояджиу 20 чактыдай госпиталь куруп, 10 чакты балдар үйүн негиздеп, 50 миңдей адамды бага ала тургандай даражага жетет.
1979-жылы Тереза энеге тынчтыктын "Нобель" сыйлыгы "Азап чеккен адамга жардам берүү ишкердиги үчүн" ыйгарылган. Бирок ал салтанатка келүүнүн ордуна Бейрутка учуп кеткен. Анткени кандуу өрөөндөн 38 жаш баланы алып чыгып кетүү миссиясы аталган сыйлыктан ары жогору, ары сыймыктуу болгон.
  (29 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: