|
|
p
22-сентябрь, 1939-жылы Румынияда улутчулдар тарабынан өлкөнүн премьер-министри Арманд Кэлинеску өлтүрүлгөн
Арманд Кэлинеску Румыниядагы Питешти шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектепти өзүнүн шаарында окуп аяктаган соң Бухарест Университетинде укук жана философияны, кийин Париж Университетинде саясат жана экономика илимдерин окуган. "Дыйкандар" саясий партиясына кирип, 1926-жылы депутат болуп шайланган. 1928-жылы Айыл чарба министрлигинде башкы катчы болуп дайындалган. 1930-жылы Ички иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары болгон. Кэлинеску мыйзамга туура келбеген "Коммунисттер" партиясына каршы иш чараларды жүргүзгөн. 1937-жылы Ички иштер министринин ордуна ээ болгон. 1939-жылы өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалып, ошол эле жылы улутчулдар тарабынан өлтүрүлгөн.
(87 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |