|
|
p
24-сентябрь, 1969-жылы V чакырылыштагы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Элмурат Обдунов туулган
V чакырылыштагы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Элмурат Обдунов Ош облусунун Араван районуна караштуу Жаңы-Арык айылында туулган.
Билими – жогорку. 1987-жылы Ош облустук бухгалтердик мектепти артыкчылык менен бүтүргөн, "өнөр жай ишканаларынын бухгалтери" адистиги ыйгарылган. 1993-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтунун "география жана биология мугалими" адистигин, 1996-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун "бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана агрардык өнөр жай комплексинин чарбачылык ишмердүүлүгүнүн анализи" адистигин, 2002-жылы Эл аралык университеттин "финансы жана кредит" адистигин артыкчылык менен, 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык адистигин бүтүргөн. Эмгек жолун 1987-жылы Ош облусундагы Араван районунун "Коммунизм" колхозунда баштаган. 1993-1996-жылдары – Араван районундагы Л.Толстой атындагы мектептин мугалими, андан кийин Исанов атындагы мектептин мугалими; 1996-1998-жылдары – Ош технологиялык университетинде башкы бухгалтер, андан кийин Кыргыз мамлекетинин Эл аралык университетинин Ош филиалынын башкы бухгалтери; 1998-2002-жылдары – Кыргызстандагы Эл аралык университеттин "Экономика жана каржы" кафедрасында окутуучу; 2002-2003-жылдары – Ош облусу боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору; 2003-2006-жылдары – Кыргыз мамлекетинин Эл аралык университетинин Укук, бизнес жана компьютердик технологиялар институтунун окуу иштери боюнча директорунун орун басары; 2006-2008-жылдары – Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун башкы бухгалтери; 2008-2009-жылдары – Ош мамлекеттик университетинин башкы бухгалтери, андан кийин Ош мамлекеттик университетинин "Экономикалык, социалдык жана саясий географиясы" кафедрасынын доценти болуп иштеген. 2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. 2010-2011-жылдары – Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү; 2011-2012-жылдары – Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары; 2012-жылдын декабрынан тартып Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү болгон. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |