p

23-сентябрь, 1997-жылы "Яндекс" сайты ишке киришкен

Дүйнө
Сайтты ачуу идеясы башкы директор Аркадий Воложго таандык. Идея 1993-жылы жаралган, бирок материалдык жактан аксап, ишке ашыра албай келген. 1997-жылы долбоорун кылдаттык менен иштеп чыгып, расмий түрдө ачык деп жарыялаган. Сайттын негизги өзгөчөлүгү – андагы маалыматтар изилденип, тастыкталып, анан киргизилгени. Сайт орус, англис, беларусь, татар, украин, казак тилдеринде маалымат берет.
"Яндекс" деген аталышка ар кандай түшүндүрмө берсе болот. Мисалы: "Yet another indexer" ("Дагы бир индексатор") же "Языковой iNDEX" ("Тил индекси").
"Яндекс" – дүйнө жүзүндөгү эң чоң маалымат издөөчү сайттардын жетинчиси деп саналат. Башкы кеңсеси Москва шаарында орун алган. Мындан тышкары Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Одесса, Симферополь жана Киев шаарларында атайын кеңселери бар. 2008-жылы АКШ­нын Калифорния штатына "Yandex Labs" деген аталышта филиал ачышкан. 
2009-жылдын жыйынтыгы боюнча, компания 278 миллион доллар таза киреше ала алган.
  (29 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: