|
|
p
24-сентябрь, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев АКШга жасаган иш сапарынын алкагында Американын Конгресс спикери Деннис Хастерт менен жолугушкан
Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев 2002-жылдын сентябрь айында АКШга жасаган сапарынын алкагында, 24-сентябрь күнү Американын Конгрессинин спикери Деннис Хастерт менен жолугушкан. Кыргыз өлкөсүнүн президенти "эгер Нидерланды жоогазындардын мекени болсо, Кыргыз өлкөсү - бейөкмөт уюмдардын өлкөсү” деп билдирген. Анткен менен америкалык тарап 2001-жылдын январь айынан бери камакта жаткан мурдагы вице-премьер-министр Феликс Куловдун маселесин козгоп, президентке Кыргыз өлкөсүндө адам укуктары бузулуп жаткандыгын билдирген кат тапшырышкан. А.Акаев катты өлкөнүн Жогорку Сотуна тапшыра тургандыгын билдирген.
(24 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |