p

12-октябрь, 1906-жылы Шабдан баатырдын 1897-жылдын октябрь айындагы император Николай IIден жер бөлүп берүүнү сураган өтүнүчү канааттандырылбай турган абалга жеткен

 
Кыргызстан
Шабдан баатырдын 1897-жылдын октябрь айындагы император Николай IIден жер бөлүп берүүнү сураган өтүнүчү империянын түркүм бюрократиялык мекемелеринде каралып, ал канааттандырылбай турган абалга жеткен. Империялык Жер тейлөө жана аны иштетүү боюнча башкы башкармалыгы 1906-жылдын 12-октябрында “Шабдан баатырга жер бөлүп берүү максатка ылайыксыз” деген бүтүм чыгарган. Мекеменин көз карашына ылайык, бул убакта Пишпек уездинде көчмөн калкка тиешелүү жер тилкелерин тактоо жана жер которгондор үчүн бөлүнчү жер аймактарын аныктоо иши башталган. Мындай шартта жеке өтүнүчтөрдү канааттандыруу баш аламандыкка алып келери белгиленген.  (120 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: