|
|
p
23-октябрь, 1896-жылы Революционер, аскер комиссары Яков Логвиненко туулган
Революционер, аскер комиссары Яков Никифорович Логвиненко Украинанын Полтава провинциясында туулган. Ал үй-бүлөсү менен бирге 1912-жылы Пишпекке (Бишкек) көчүп келген. 1914-жылы империалисттик согуш учурунда падыша тарабынан армияга чакырылып, фронтко жиберилген. Октябрь төңкөрүшү аяктагандан кийин кайра Пишпекке (азыркы Бишкек) келип, полкту жетектеп калган.
Ал жетектеген полк 1918-жылда болгон Беловодск айылындагы анти-советтик козголоңду баса алган. Ал түгүл Я.Н.Логвиненко Пишпектеги горнизондун жетекчиси болуп да дайындалган. Кийин Ташкенттеги Айыл-чарба университетин аяктаган. Билим алган соң Кыргызстанга кайтып келип, агроном болуп кызмат өтөгөн. Ал 1933-жылы 9-апрель күнү көз жумган.
(130 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |