p

6-ноябрь, 1988-жылы Австриялык ырчы Кончита Вурст туулган

Дүйнө
Австриялык ырчы Кончита Вурст Австриянын Гмуден шаарында туулган. Анын өз аты-жөнү - Том Нойвирт. Балалыгын 3 миң калкы бар Бад-Миттерндорф Штирии кыштагында өткөргөн. Өспүрүм кезинен тарта ал кыздардын кийимин кийгенге ыктап, кийинчерээк эркектерге кызыгарын, аларга сезими ойгонуп жатканын билген.
2006-жылы 18 жаштагы Том Нойвирт поп жанрында ырдаган жаш аткаруучулардын "Стамания" кастинг-шоусуна катышып, 2-орунду багындырган. Ал эми 2007-жылы "Jetzt anders!" бой-бэнд (кыздарга жакын өспүрүм балдардын тобу) тобунда аз убакыт ырдаган. 2011-жылы ал Грац шаарынан мода мектебин аяктап, ушул эле жылы "Чоң мүмкүнчүлүк" сынагына катышкан. Дал ушул сынакта ал Кончита Вурсттун образында чыгып, болгону 6-орунду ээлеген. Бирок ал муну менен гана токтоп калбастан, айымдардын образында бир канча сынактарга, реалити-шоуларга катышып келген.
2013-жылдын 10-сентябрында Кончита Вурсттун "Евровидение-2014" Эл аралык сынагында Австриянын атынан чыгары белгилүү болгон. Ал эми 2014-жылдын 10-майында Даниянын борбору Копенгаген шаарында "Евровидение-2014" Эл аралык музыкалык сынагынын финалы болуп өткөн. 26 өлкөнүн таланттары ат салышкан сынактын калыстар тобу жана көрүүчүлөр жеңишти сахнага сакалчан аялдын образында чыккан австриялык ырчы Томас Нойвиртке ыйгарышкан. Ал Европаны "Rise like a Phoenix" ыры менен багынтып, 290 упай топтой алган.
  (38 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: