p

17-ноябрь, 1941-жылы тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелип, Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарган

 
Кыргызстан
Бул күн тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелинет. Анткени ушул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарып, ал 1942-жылы иш жүзүнө ашкан. Бирок Кыргыз жеринде 1927-жылы эле фильм тартылган. "Өзбеккино" тарткан “Жабык араба” аттуу толук метраждуу тасмада алгачкы кыргыз актрисасы Айша Түмөнбаева башкы ролду ойногон. Cоюздаш улуттар Кыргыз жерине өтө кызыгып, ал тууралуу даректүү фильмдерди байма-бай тартып турушканы менен, ата мекендик көркөм фильм жаралган эмес. 1941-жылы алгачкы жолу “Чапаев”, “Он үчүнчү”, “Ленин октябрда” деген фильмдерди кыргыз тилинде сүйлөтүшкөн.  (85 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: