p

18-ноябрь, 1787-жылы француз сүрөтчүсү жана ойлоп табуучусу Луи Дагер туулган

Дүйнө
Француз сүрөтчүсү жана ойлоп табуучусу, фотографиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Луи Дагер Парижге жакын жайгашкан Кормей-ан-Паризи шаарчасында туулган. 13 жашында атасы архитекторлукка окуучу кылып берген. 16 жашында Париждеги "Гранд Операнын" декоратору Деготтинин устаканасына окууга кирген. 
Дагер театрдагы сахнага диорама тартып, көрүүчүлөрдү таң калтырган. Жумушун жөнөкөйлөтүү үчүн Дагер буюмдун оптикалык сүрөтүн алууга аракеттенет. Нисефор Ньепс менен келишим түзүп, экөө биргеликте иштеше башташкан. 1839-жылы экөөнүн аракети менен дагеротипия табылган. Дагеротипия - сымаптын буусунун жардамы менен буюмдардын сүрөтүн алуу. Бул ойлоп табуусу Дагерге атактуулук алып келген. Дагер 1851-жылы 10-июлда Бри-сюр-Марнда каза болгон. Эйфель мунарасынын 1-кабатындагы залкар окумуштуулардын тизмесине Луи Дагер да киргизилген. 
  (239 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: