p

23-ноябрь, 1991-жылы англиялык “Queen” рок-тобунун ырчысы Фредди Меркьюри СПИД менен ооруй турганын тастыктаган

Дүйнө
Англиялык “Queen” рок-тобунун ырчысы Фредди Меркьюри өзү тууралуу айтылган ушактарды тастыктап, СПИД илдети менен ооруй турганын ачык айтып, ал күндүн эртеси каза болгон.
Фредди Меркьюри 1946-жылы 5-сентябрда Занзибардагы Унгуджа аралында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө фортепиано ийримине барган. 1958-жылы мектептеги достору менен "The Hectics" рок-тобун түзгөн. 1962-жылы үй-бүлөсү менен Англияга көчүп кетет. Ал жактан Айлсворт мектебинен живопись бөлүмүн аяктаган. 1969-жылы 13-августта ливерпулдук "Ibex" тобу менен таанышып, алар менен биргеликте концертке чыгат. Бул топ таркап, Фредди "Sour Milk Sea" тобунда ырдап, 1970-жылы "Smile" тобуна кирип, аталышын "Queen" аташат. Бул топ менен көптөгөн альбомдорду чыгарып, дүйнөгө атагы чыккан.  (35 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: