p

20-ноябрь, 2013-жылы 5-чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, камакка алынган

Кыргызстан
"Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков 20-ноябрда түштөн кийин 48 саатка УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага 19-ноябрда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. "2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомдон ашуун акчасын максатсыз чыгымдаган; 2003-2004-жылдарда "Ротак-Бишкек" ЖЧКсына жарандардын жеке камсыздандыруу эсебин бастырып чыгаруу үчүн каражат бөлүп берген; Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда парламенттин эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн иштерин тескөө боюнча атайын өкүл кызматын мыйзамсыз уюштуруп, аны кармоого мамлекеттик казынадан 10 миллион сом чыгымдаган; Салык кызматын жетектеп турган кезинде ыктыярдуу патент боюнча салык төлөөчүлөрдөн салык чогултууну "Бизнес-Партнёр" ЖЧКсына мыйзамсыз берүү аркылуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылган.  (13 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: